Атактуу футболчу Лионель Месси каталондук "Барселона клубунда кала тургандыгын расмий жарыялады. Бул тууралуу белгилүү "Goal" басылмасы жазып чыкты.
"Мен клубдун ишине канааттанган эмесмин, ошол себептен кетүүнү чечкем. Мага мындай мүмкүнчүлүк берилген жок. Мен соттук процесстерге катышпаш үчүн клубда калууну чечтим.
Мен клубдан кетеримди үй-бүлөмө айтканда, баары ыйлашты. Балдарым Барселонадан кеткиси келген жок. Алардын ыйлаганы мен үчүн аябай кыйын болду. Клубда калуумдун бирден бир себеби дагы ушул", - деген Месси.
Лионель Месси "Барселона" клубунун жаңы машыктыруучусу Рональд Куман менен телефон аркылуу сүйлөшкөндөн кийин клубдан кетүү чечимин кабыл алгандыгы кабарланган.