Бишкектеги бир топ тойканалар эпидемиологиялык абал жакшырганга чейин жабылды

Борбор калаада санитардык талаптарды бузган бир катар коомдук тамактануу жайлары, кафе жана ресторандар жабылды. Алар эпидемиологиялык абал турукташканча ачылбайт. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Санитардык талаптарды көп учурда коомдук тамактануучу жайлар, кафе жана ресторандар бузууда. Ошондой эле алардын катарында компьютер залдары, түнкү клубдар дагы бар. Булардын ишмердүүлүгүнө уруксат берилген эмес", - деп айтылат маалыматта.

Жабылган жайлардын тизмеси:

  • "Оюн", "Иллюзион", "Evolution", "Олимп" компьютер клубдары;
  • "Оомат", "Паво", "Бильярдос" бильярд клубдары;
  • "Кайнар", "Coyote Ugly", "Metro Pub", "Сары-Челек", "Салтанат" ресторан жана түнкү клубдары.

Маалыматка ылайык, акыркы апта ичинде мэриянын Санитардык-экологиялык инспекциясы 189 субъектини текшерип, 28 мыйзам бузган учурду аныктаган. Андан түшкөн айып пулдун жалпы суммасы 124 миң сомду түзгөн.

4-сентябрга карата инспекция 397 протокол түзүп, айып пулдун наркы 1 миллион 711 миңге жеткен. Санитардык эпидемиологиялык көзөмөл борбору тарабынан 1 миң 520 протокол түзүлүп, 2 миллион 707 миң 500 сом айып пул түшкөнү айтылды. Ошондой эле мэрия азырынча конок тосуп, той, маараке, куран окутууларды өткөрбөй турууга чакырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан