Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкери пара алуу беренеси менен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 5-сентябрда Финполдун маалымат кызматынан кабарлашты.
Белгилүү болгондой, жарандан келип түшкөн арыздын негизинде сотко чейинки тергөө иштери башталып, 4-сентябрда пара талап кылуу менен УКМКнын кызматкери кармалды.
Учурда иштин чоо-жайы такталып жатканын, кармалган кызматкер убактылуу кармоочу жайга киргизилгенин кошумчалашты мекемеден.