Бүгүн, 6-сентябрда Кант шаарындагы стадиондордо Кыргыз Премьер-Лигасынын (КПЛ) экинчи айлампасынын алгачкы оюндары болот. Коронавирус пандемиясынан улам оюндар көрүүчүлөрсүз өтөт.
Оюндардын тизмеси:
Абдыш-Ата (Кант) - "Алай (Ош), "Нитро Арена" стадиону (Кант шаары);
Башкы калыс: Рысбек Шекербеков;
"Илбирс" (Бишкек) - "Кара-Балта" (Кара-Балта), "Борбордук" стадиону (Кант шаары);
Башкы калыс: Денис Шалаев;
Оюндар саат 11:00дө башталат.
"Нефтчи" (Кочкор-Ата) - "Дордой" (Бишкек), "Нитро Арена" стадиону;
Башкы калыс: Нурзат Аскат уулу;
"Алга" (Бишкек) - "Каганат" (Ош), "Борбордук" стадиону;
Башкы калыс: Дайырбек Абдылдаев;
Оюндар саат 16:00дө башталат.
Кыргыз Премьер-Лигасынын турнирдик жадыбалын шилтеме аркылуу өтүп, таанышсаңыз болот.