Кечээ, 6-сентябрда Кант шаарындагы стадиондордо Кыргыз Премьер-Лигасынын экинчи айлампасынын алгачкы оюндары болуп өттү.
Оюндардын жыйынтыктары: "Абдыш-Ата" - "Алай" (0:0);
Беттештин мыкты оюнчусу болуп "Алга" командасынын оюнчусу Бахтияр Дүйшөбеков табылды.
"Илбирс" - "Кара-Балта" (1:1);
Голдор: Мерзляков (3-мүнөттө), Руслан уулу (67-мүнөттө).
Беттештин мыкты оюнчусу болуп "Кара-Балта" командасынын оюнчусу Александр Мерзляков табылды.
"Нефтчи" - "Дордой" (1:0);
Голдор: Шарифи (89-мүнөттө).
Беттештин мыкты оюнчусу болуп "Нефтчи" командасынын оюнчусу Амуриддин Шарифи табылды.
"Алга" - "Каганат" (2:1);
Голдор: Тапаев (7,12-мүнөттөрдө), Алимов (40-мүнөттө).
Беттештин мыкты оюнчусу болуп "Алга" командасынын оюнчусу Темирболот Тапаев табылды.
Эске сала кетсек, коронавирус пандемиясынан улам оюндар көрүүчүлөрсүз өтүүдө.