Хабиб Нурмагомедов: "Беттешке даярдануу үчүн атамдын жоктугу даана байкалып жатат"

UFC уюмунун чемпиону орусиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов 24-октябрда UFC 254 турнири өтө турган жерди атасы Абдулманап Нурмагомедов катышышы үчүн тандаганын орусиялык басылмаларга берген маегинде айтты.

"Мен Гэйтжи менен боло турган беттешке келишим түзгөндө, Абу-Дабиде же Лас-Вегаста өтөт деген эки вариант бар болчу. Мен Абу-Дабини тандадым. Анткени менин атамдын бул беттешке катышуу мүмкүнчүлүгү бар эле. Келишим түзүлгөндөн кийин атам каза болду. Эми биз беттеш өтө турган жерди өзгөртө албайбыз.

Беттешке даярдануу үчүн атамдын жоктугу даана байкалып жатат. Бирок биз эмне кыла алабыз? Муну кабыл алышыбыз керек. Башка айла жок. Мен машыгуумду мурдагыдай эле улантып жатам", - деген Нурмагомедов.

Хабиб Нурмагомедов менен Жастин Гэйтжинин беттеши UFC 254 турниринин алкагында 24-октябрь күнү Абу-Даби шаарында өтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
rysik79
2020-09-07 15:13:19
Аман болсоң дагы көп билесиң атаңдын кадырын.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан