Испаниянын "Барселона" футболдук клубунун чабуулчусу Лионель Месси клуб менен келишпестик жаралып жатканда, командалаштарынын жүрүм-турумуна капа болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Месси клуб менен пикир келишпестик жаралганда командалаштарынан колдоо күткөн. Бирок каталондук клубдун бир дагы оюнчусу буга реакция кылган эмес. Командалаштарынын мындай жүрүм-турумуна футболчу таң калган жана таарынган.
Лионель Месси "Барселона" клубунун жаңы машыктыруучусу Рональд Куман менен телефон аркылуу сүйлөшкөндөн кийин клубдан кетүү чечимин кабыл алгандыгы кабарланган. Кийинчерээк ал клуб менен соттошкусу келбей тургандыгын айтып, "Барселонада" кала тургандыгын расмий жарыялаган.