Футбол боюнча дүйнөнүн учурдагы чемпиону, Франциянын "ПСЖ" футболдук клубунун чабуулчусу Киллиан Мбаппе коронавирус инфекциясын жуктуруп алды. Бул тууралуу Франция футбол федерациясынын расмий сайтына жарыяланды.
Мындан улам Франциянын негизги курамында ойногон Мбаппе бүгүн, 8-сентябрда Улуттар Лигасында Хорватия курамасы менен боло турган оюнга катышпайт.
Буга чейин "ПСЖ" футболдук клубунун чабуулчулары Неймар, Мауро Икарди, жарым коргоочулар Анхель Ди Мария, Леандро Паредестен коронавирус инфекциясы аныкталгандыгы кабарланган.