"Манчестер Сити" клубунун жарым коргоочусу Фил Фоден жана "Манчестер Юнайтед" клубунун чабуулчусу Мейсон Гринвуд карантиндик эрежелерди бузгандыгы үчүн Улуттар Лигасынан четтетилди. Мындай чечимди Англия курамасынын башкы машыктыруучусу Гарет Саутгейт кабыл алгандыгын чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Улуттар Лигасындагы Англия-Исландия оюнунан кийин эки футболчу команда жайгашкан мейманканага кыздарды алып келишип, карантиндик эрежелерди бузушкан.
Жакынкы арада эки футболчу тең өз өлкөсүнө кайтып кетишет. Ал эми Англия курамасынын оюнчулары Улуттар Лигасынын алкагында Дания менен боло турган оюнга катышуу үчүн Коппенгаген шаарына учуп кетишти.
Дания-Англия беттеши бүгүн, 8-сентябрда саат 00:45те (Бишкек убактысы боюнча) башталат.