"Тамашалуу, бирок чындыгы бар". Кыргыз шоу-бизнес өкүлдөрүнүн шайлоого карата тарткан видеолору

4-октябрда парламенттик шайлоо өтөт. Учурда саясий партиялардын үгүт иштери башталып, ар бир партия өздөрүнүн программалары менен тааныштырып, добуш топтоонун үстүндө иштеп жатат. Элге таанымал айрым адамдар, тагыраагы, кыргыз шоу-бизнес өкүлдөрү жарандарды добушун сатпоого, шайлоо бүткөндөн кийин бармагын тиштеп калбоого чакырган тамашалуу видеолорду тартышууда. Сиздерге айрым вайндардын топтомун сунуштайбыз.

"Эл эмне дейт?" долбоорунун жигиттери учурда болуп жаткан көрүнүштөрдү ачык көрсөтүшүп, "клоундарга сатылбагылачы" деген вайн тартышты.

Актёрлор Шумкар Бейшеналиев жана Азамат Исмаилов алдыдагы шайлоого карата бир нече тамашалуу видеолорду тартышты. Анда ою ишке ашкандан кийин берген убадаларын аткарбай койгондор, кыйратам, жыргатам дегендер тууралуу баяндалат.

Вайнер Эмил Токтошев өзүнүн тамашалуу ролигинде шайлоого аттанып жаткан кишинин образын жараткан.

Ал эми актёр Азамат Уланов жана анын кесиптештери "акчаны добуш сатып алуу үчүн эмес, таза шайлоо үчүн сунуштаса" деген видео тартышты.

Тамада жана телеалпаруучу Максат Надырбековдун санаалаштары менен бирге шайлоого аттанып жаткандар тууралуу тарткан тамашалуу видеосу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
aslan_akjol89
2020-09-10 00:48:09
Шаурма жакты да
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан