Садыр Жапаров 17-сентябрда журналисттерге маалымат жыйын берди. Анда оппозициянын пландары тууралуу УКМКга айтып берген Эрланбек Өмүралиев менен телефондон сүйлөшкөнүн, сүйлөшүүнү жаздырып алганын айтып, журналисттерге угузду Жапаров. Аудиожазууда Өмүралиев делген адам элге болгонун болгондой айтып берүүгө шарт түзүп берүүнү Садыр Жапаровдон суранат. Сүйлөшүүнүн стенограммасы төмөндө.
Эрланбек Өмүралиев: - Мага жанагы “патриот”, анан “баатыр” дегендин бир тыйындай да кереги жок, Садыр байке. Билесизби, мага "чыккынчы" деген жүрөккө кандай тийип жатат?!
Садыр Жапаров: - Жок, мен түшүнүп турам.
Э.Ө.: - "Ушунча ушулар менен табакташ болуп жүрүп, ушунча эмгектин баарын бир заматта эле жок кылып бийликке сатылып мындай чыккынчылык кылды" дегенчи?! На самом деле бийлик эле мени чыккынчы кылып койду да.
С.Ж.: - Экөөбүздү азыр угуп жатышат, жазып жатышат. Укса уга беришсин, экөөбүз кылмыш кылып жаткан жокпуз да. Сен эми мындай кыл. Сен кел же мен киши жиберейин. Акырын созванивать этип туруп, анан бир жерден жолугуп сүйлөп берип кой. Если ошондой оюн болсо. Не надо бирөөгө жакшы көрүнөйүн же жаман көрүнөйүн деген. Болгон чындыкты сүйлөп берип кой.
Э.Ө.: - Эми мени да үйдөгүлөр кыйкырып чакырып жатышат. Эртең эртең менен байланышып, ага чейин мен да ойлонуп туруп, анан байланышып, чогуу-чаран бир план түзөлү, байкеси! Мен сизден жамандык көргөн жокмун. Ушунча жасаган эмгегиңизге, мен да, мындайча айтканда, ичкен кудугума түкүргүм келбейт. Сизге жаман оюм жок. Менин жүрөгүмө да бир удар болду. Кудайдын алдында да актаныш керек.
С.Ж.: - Хорошо, сен эртең иним менен байланышып, киши жибер десең киши жиберебиз. Ошого сүйлөп берип кой, өзүң билгендей. Баарын эле сүйлөп берип кой. Болгонун болгондой эле. Мени коркутту, коркконумдан сүйлөп берсем, анан аны кесип беришти деп эле айт. То есть, как и есть да. Не надо бирөөнүн үстүнөн жалаа жаап. Сага да, мага да анын кереги жок.
Аудионун толук версиясын бул жактан уга аласыз.