Кыргыз өлкөсүнө келген орусиялык журналист жана блогер Илья Варламовдун сапары аяктап, Москва шаарына жөнөп кетти. Блогер келгенден бери Бишкек шаарын болушунча кыдырып, шаардын кемчиликтерин жана жакшы жактарын социалдык тармактагы баракчасы аркылуу бөлүшүп жатты.
Сапарынын аягында Илья Варламов "Ала-Тоо" аянтындагы сүрөттөрдү жүктөп, "Кыргыз өлкөсү - бул начар шаарда жашаган боорукер жана ачык адамдар", - деп жазып калтырган.
Буга чейин Илья Варламовдун Бишкек шаарындагы Чүй-Манас көчөлөрүнүн кесилишиндеги унаа тыгыны боюнча айтканы кызуу талкууга алынган. Анда ал айдоочулар унаа тыгынына карабай, сигналдарын басып жатканын, патрулдук милицияга баш ийбей жаткандыгын айтып таң калган.