Жайыл районунда унаасы менен бир адамды сүзүп, кырсык болгон жерден качып кеткен жаран изделүүдө

Жайыл районунда бир адамды унаасы менен сүзүп, кырсык болгон жерден качып кеткен жаран изделүүдө. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя 16-сентябрда саат 23:00дө болгон. Кырсыкка күбө болгон жарандардын айтымында, Хонда Степвагон үлгүсүндөгү унаа жөө жүрүүчүнү сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен. 53 жаштагы И.К. кырсык болгон жерден каза болгон. Учурда кылмышкерди кармоо үчүн тиешелүү чаралар көрүлүп жаткандыгы айтылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан