Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Кыргыз-Мьянма курама командаларынын ортосундагы Дүйнө чемпиондугунун тандап алуу оюнунда оюн талаасына чуркап чыккан күйөрманга байланыштуу ишти токтотуу чечимин чыгарды.
Соттун чечимине ылайык, күйөрмандын мындай жоругу үчүн 30 миңден 60 миң сомго чейин айып пул салынышы мүмкүн болчу. Бирок талаага чуркап чыккан күйөрман менен Кыргыз футболдук союзу (КФС) элдешүүгө келишкен.
Өз кезегинде талаага чуркап чыккан күйөрман өзүнүн туура эмес жүрүм-туруму үчүн кечирим сурап, футбол күйөрмандарын маданияттуу болууга, тартипти сактап, зыян келтирбөөгө чакырган.
Бул боюнча Кыргыз футболдук союзуна байланышканыбызда, ар бир күйөрман маанилүү экендигин баса белгилешти.
"Ар бир күйөрман биз үчүн маанилүү, бирок бир гана Кыргыз футболдук союзуна эмес, бүтүндөй кыргыз футболуна залакасын тийгизген ашыкча эмоцияларга берилип кеткендер дагы бар. Бул башкалар үчүн жакшы сабак болушу керек. КФС жазалоону көздөбөйт, бирок мындай иштер сотко жетерин билдиргиси келет. Анын үстүнө, буга чейин дагы ушундай окуя болгон. Анда Кыргыз футболдук союзу ири суммадагы айып пул төлөгөн", - деп билдиришти КФСден.
Эске салсак, 2019-жылдын 10-октябрында Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өткөн Кыргыз-Мьянма беттешинде оюн талаасына күйөрман чуркап чыккан. Ага карата Бишкек ШИИБи тарабынан "бейбаштык" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.
Беттеш 7:0 эсебинде "Ак шумкарлардын" жеңиши менен аяктаган.