Жалал-Абад шаарындагы той өткөрүп жаткан кафе-ресторандарга айып пул салынды

Жалал-Абад шаарындагы той өткөрүп жаткан кафе-ресторандарга айып пул салынды. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, күч түзүмдөрүнүн жана шаардык санитардык көзөмөлдөө борборунун кызматкерлеринин катышуусунда той-мааракелер өтүүчү кафе-ресторандарга түнкү рейд жүргүзүлдү.
"Анда айрым жайлар 50дөн көп адам чогултуп, той өткөрүп жатканы маалым болду. Ага ылайык эки эс алуу жайына айып пул салынып, мыйзам талаптарын жана санитардык эрежелерди сактоо боюнча эскертмелер берилди", - деп айтылат маалыматта.
Мындан кийин да талаптарга баш ийбеген ишкерлер тийиштүү жоопкерчиликке тартылары айтылды. Той өткөн эс алуу жайына 3 миң сом айып салынат. Андан тышкары тойдо кызмат көрсөткөн ар бир кызматкерге (официант, ашпозчу) 3 миң сомдон айып пул салынуусу мүмкүн.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан