"Өлкөдө эпидемиологиялык кырдаал толугу менен жакшырып кетти деп айтуу азырынча эрте. Ошондуктан коомдук жайларда, билим берүү мекемелеринде кабыл алынган алгоритмдерге ылайык санитардык-эпидемиологиялык талаптар күчөтүлөт", - деп өкмөт башчы Кубатбек Боронов брифинг учурунда айтты.
Ошол эле учурда өкмөттөн жаз, күз мезгилинде каптоочу сасык тумоодон алдын алуу үчүн 21-августта ага каршы вакцина сатып алуу максатында 221 миллион 500 миң сомго буйрук чыгарылды. Бул каражатка 700 миң доза вакцина сатып алынат. Биринчи кезекте балдар, мугалимдер, калктын аярлуу катмарлары жана дарыгерлер эмделет.