Бүгүн, 9-сентябрга караган түнү Улуттар Лигасынын алкагында Швеция курамасы өз үйүндө Португалия курамасын кабыл алды. Оюн 0:2 эсебинде жыйынтыкталып, 2 голду тең атактуу футболчу Криштиану Роналду жаратты.
Муну менен Роналду футбол тарыхында улуттук курама үчүн 100 гол жараткан экинчи футболчу болду. Бул көрсөткүчтө лидерликти ирандык футболчу Али Даеи сактап турат. 2007-жылы карьерасын жыйынтыктаган ирандык футболчу улуттук курамасы үчүн 109 гол (Роналдуда 101) киргизген.
Криштиану Роналду Португалия курамасында алгачкы жолу 2003-жылы оюн талаасына чыккан. 17 жыл аралыгында командада 165 оюн өткөрүп, Европа чемпиондугунда коло, күмүш жана алтын медаль уткан. Ошондой эле улуттук курама команда менен катар ал өткөн сезондо Улуттар Лигасынын жеңүүчүсү болгон.