Бүгүн, 9-сентябрда футбол боюнча Кыргыз улуттук курамасынын негизги оюнчуларынын бири, учурда бишкектик "Дордой" клубунда ойногон Эдгар Бернхардт кыздуу болду. Маалыматты SUPER.KG порталына "Дордой" клубунун басма сөз кызматкери Тенгелбес Мусаев тастыктады.
Футболчунун жубайы Бишкек шаарындагы төрөтканалардын биринде көз жарган. Муну менен Эдгар Бернхардт эки кыздын атасы болду.
Эдгар Бернхардт Улуттук кураманын тарыхында хет-трик жасаган экинчи футболчу (биринчиде чабуулчу Виталий Люкс).