"Ак шумкарлардын" башкы машыктыруучусу Александр Крестинин неберелүү болду

Футбол боюнча Кыргыз улуттук курамасынын жана бишкектик "Дордой" футболдук клубунун башкы машыктыруучусу Александр Крестинин алгачкы жолу неберелүү болду. Маалыматты SUPER.KG порталына "Дордой" клубунун басма сөз кызматкери Тенгелбес Мусаев тастыктады.

Маалыматка ылайык, Александр Крестининдин кызы бүгүн, 9-сентябрда Орусияда көз жарган. Муну менен башкы машыктыруучу 41 жашында тун неберелүү болду.

Александр Крестинин футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасын 2014-жылдан бери машыктырып келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Genka
2020-09-09 14:46:13
Бернхарт балалуу болсо ,бул да неберелуу болсо
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан