Өлкөбүздө тышкы миграция күч алган кезде дүйнөнүн ар кайсы бурчунда эмгектенип жүргөн мекендештерибизди кезиктирүүгө болот. Чет өлкөдө эмгектенип жүргөн мекендештерибиз айлап-жылдап тапкан каражаты менен үй-бүлөсүн гана эмес, өлкөнүн экономикасынын арабасын кошо тартып келе жатканы бышык. Дүйнөгө белгилүү ири компанияларда өз ишмердүүлүгүн көрсөтүп келе жаткан Кыргыз жарандары да жок эмес. Алардын бири "Microsoft" компаниясынын кызматкери Айкөл Ташболот уулу менен SUPER.KG порталы маектешти.
Каарманыбыз 1990-жылы 27-февралда Таластын Киров районунда төрөлгөн. Тогуз жашында үй-бүлөсү менен Бишкек шаарына көчүп келишкен. Кыргыз мамлекеттик музыкалык консерваториясынан билим алган. Учурда АКШнын Вашингтон штатына караштуу Сиэтл шаарында жашайт.
- Саламатсызбы Айкөл. Ден соолугуңуз жакшыбы? Алыста жүрөсүз, коронавирус менен ооруган жоксузбу?
- Саламатчылык. Кудай сактасын, илдет менен ооруган жокмун. Пандемия учурунда үйдө онлайн режиминде иштедик.
- АКШга кантип барып калдыңыз?
- АКШга болгон кызыгуум ачыгын айтканда бала кезимден эле пайда болгон. Англис тилиндеги Голливуддун кинолорун көп көрчүмүн. Тасмадагы кооз шаарларды көрүп кыялданчумун, англис тилиндеги ырларды да көп укчумун. Ошентип өз алдынча тил үйрөнүп, 11-классты бүтүрүп жатып англисче эркин сүйлөй баштагам. Негизи музыка жаратып, композитор болгум келчү. Бирок жашоо нугу максаттарды башка багыттарга бургандыктан үй-бүлөлүк бизнес менен алектендим. Бул учурда дагы англис тилин өздөштүрүүнү уланта бердим. Ошентип көп өтпөй чет өлкөгө кетүү чечимин чыгарып, АКШны тандадым.
- Ал жактагы алгачкы кадамдар, дегеле жөнөкөй жумуштан чоң программисттикке өткөндөгү жолуңуз тууралуу айтып берсеңиз?
- Бул жакка эң биринчи Калифорния штатына келгем. Алгач официанттыктан баштап телефон сатуучу, андан кийин тетиктерди оңдоп-түзөөчү дүкөндө иштеп калдым. Программисттикке болгон кызыгуум ушул жактан башталды десем болот. Телефон, компьютерлерди оңдоп-түзөөнү аябай жакшы өздөштүргөндүктөн жаңы ойлор пайда болду. Жаңы тетиктерден робот жасаганга кызыгып баштадым. Ага билим алуу керек болуп курстарды издеп, Марат Гаипов аттуу Кыргыз жараны ачкан "Сейтек" курсунан 6 ай окудум. Агайдын бул жаатта үйрөткөн көп тажрыйбасы мага жардам берди. Программистке өтүүдө эң алгач 7, 20 кишиден түзүлгөн анча белгилүү эмес компанияларда иштеп баштадым. Андан кийин "T-Mobile", "Starbucks" деген компанияларда иштеп, программисттик тажрыйбамды жогорулаттым.
- "Microsoft" компаниясына кантип жумушка кирдиңиз? Сыр болбосо айлык маянаңыз канча?
- Жумушка кирүү үчүн көп эле компанияларга ("Facebook", "Amazon" жана башка) резюме таштадым. Кабыл алгандардын бири "Microsoft" компаниясы болду. Жумушка алууда үч этаптан өтүү керек экен. Биринчиси - таанышуу, экинчиси - телефон аркылуу сүйлөшүү, үчүнчүсү - мекемеге барып аңгемелешүү. Андан тышкары 5 аңгемелешүү өткөрүшөт экен. Беш башка киши менен 5 саат маектештим. Өзүм жөнүндө толук маалыматтарды жана программалар тууралуу суроолорду берди. Бир аптадан кийин компания мени жумушка чакырды. Бул мен үчүн чоң кубаныч болду. Негизинен жумушка кирүүдө резюмеге көбүрөөк маани беришет экен. Канчалык белгилүү жана көп компанияларда иштесе жумушка бат кабыл алышат экен. Программисттик кесип ар дайым изденүүнү, тынымсыз окуп-үйрөнүүнү талап кылат. Жакшы программист бат-баттан компанияны алмаштырып турушу керек. 4 жылдан ашык бир жерде иштесең көтөрүлбөйсүң, өспөйсүң деген сөздөрү бар. "Microsoft" компаниясынын жалпы жамааты мага жакты. Компаниянын өзгөчөлүгү таттуулар жана бардык суусундуктар акысыз. Кээде бекер тамактар да берилип турат. Менин жасаган жумушум веб дизайн жасайм, ар кандай программаларды түзөм, телефон жана компьютерлерге код жасайм. Жаны технологиялар чыкса аларды окуйм, алгоритмдерди түзөм жана башка. Айлык маянам сыр бойдон калсын.
- Негизи программисттер дене кыймылына караганда акыл-эс кыймылынан катуу чарчашат дешет. Мындай учурда сиз кантип эс аласыз?
- Ооба, кээде кадимкидей мээ да чарчайт. Бул убакта суусундук алып кесиптештер менен баарлашып, сергип келем. Үйдө болсо сыртка чыгып сейилдейм. Кээде атайын убакыт таап, эс алууга өзүм көргүм келген, баргым келген жерлерге барып эс алып келем.
- Эми айтсаңыз, чет жерде жүргөндө кызыктуу күндөр өтсө керек. Эсте калган окуяларыңыз болду беле?
- АКШга келгениме бир апта болгондо, Лос-Анжелес шаарынан Сан-Франциско шаарына автобус менен бара жаткам. Аралыгы 8 сааттык жол болчу. Бир аялдамадан 15 мүнөткө токтоду. Ошондо автобустан түшүп суусундук алып, шашпай ичип олтуруп чыксам автобусум жок. Анын ичинде чоң сумкам бар болчу. Анда паспортум, документтерим, кийимдерим бар эле. Эмне кыларымды билбей станцияга барып айтсам, кароолчу автобустун айдоочусуна чалса, ал бир топ алыс кетип калганын, артка кайта албастыгын, сумкамды болсо кийинки аялдамадан таштап коёрун айтты. Мен кийинки автобус менен барып ал жерден сумкамды алдым. Ошондо абдан сүйүнгөм (күлүп).
- Америкадан алган таасирлериңиз жана ийгиликке жетем деген жаштарга кеңешиңиз кандай?
- Америкага алгач ирет келгенде, эң эле элдин маданияты мени таң калтырды. Адамдар бири-бирин абдан сыйлашат. Жардам сурасаң эч качан кайдыгер карашпайт. Жолдон адашып, дарегиңди таппай калсаң сени жалгыз таштабай бара турган жериңе чейин таап беришет. Эл аябай сылык келишет. Көчөдө жүргөндө да жагымсыз кылык-жоруктарды, жаман сөздөрдү айтышпайт. Мындай чөйрө менин ички дүйнөмдү аябай өзгөрттү. Бул жакта көп улуттар жашагандыктан, мыйзам күчтүү жана баарына бирдей. Расизм, бөлүнүп-жарылуу башка өлкөлөргө караганда бул жакта таптакыр жок. Жумушта дагы баарына бирдей мамиле жасалат. Тууганчылдык мамилелер жок. Биздеги "оозу кыйшык болсо да байдын уулу сүйлөсүн" деген сөзгө тиешелүү эч нерсе жок. Ар бир эмгек бааланат. "Аракет кылсаң берекет" дегендей үйрөнөм, тажрыйбамды кеңейтем деген жаштар ар дайым жашоого позитивдүү карашса, ийгиликке сөзсүз түрдө жетишерине ишенем. Ошону менен бирге жашоодо канчалык көп ийгиликтерге жетишсең да адамгерчилик касиетти жоготпоо өтө маанилүү экендигин баса белгилегим келет.
- Маегиңизге рахмат. Максаттарыңыз ишке ашсын!
Каарманыбыз Айкөл Ташболот уулу алдыда дагы чоң максаттары бар экендигин жана аткара турган иштери планга коюлгандыгын айтып, маегибизди жыйынтыктады.