Ооруканада дарыланып жаткан Кыргыз Республикасынын Эл акыны Рахматулла Козукеевге материалдык жардам көрсөтүлдү

Учурда ооруканада дарыланып жаткан Кыргыз Республикасынын Эл акыны Рахматулла Козукеевге материалдык жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

"Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов төкмө акын Рахматулла Козукеев Жалал-Абад облусунда болгондугуна байланыштуу видео байланыш аркылуу сүйлөшүп, ага Жогорку Кеңештин төрагасынын резервдик фондунан материалдык жардам бөлүнгөндүгүн билдирди. Каражат Рахматулла Козукеевдин жеке эсебине которулду", - дешти мекемеден.

Төкмө акын Рахматулла Козукеев Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Кызыл-Жар айылында туулган. 1984-жылы Фрунзе шаарындагы Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство институтун сырттан окуп аяктаган. Республикалык, эл аралык айтыштарда байгелүү орундарды ээлеген. Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы, Түркия мамлекетинин алтын медалы, Эл аралык "Руханият" сыйлыгынын лауреаты, "Түрк дүйнөсүндө" төкмө акындар фестивалынын алтын медалынын ээси.

2017-жылы Эл акыны наамын алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан