Эрлан Өмүралиев: "Мени 9 кабаттуу үйдүн 7-кабатына алып чыгышканда, балкондон ыргытат экен деп ыйладым"

Мурунку депутат Садыр Жапаров оппозициянын пландары тууралуу УКМКга айтып берген Эрлан Өмүралиев менен телефондо сүйлөшкөнүн айтып чыкты. Сүйлөшүүнүн жүрүшүн жаздырып алганын айтып, журналисттерге аудиожазууну угузду. Анда Эрланбек Өмүралиев делген адам УКМК биринчи кармап кеткенде үй-бүлөсүн ойлоп ыйлаганын айтты. Сүйлөшүү жазылган стенограмма төмөндө.

 

Эрлан Өмүралиев: - Юпи планы боюнча мен аларга айткам. Эртең мен опревержение менен чыксам өзүңөр уят болуп каласыңар деп. Мени биринчи алып барышканда Московский-Шопоков жактагы 9 этаж үйдүн 7-этажына алып барышты. Анан мен айттым, бул жактан менден алчусун алып туруп анан Геннадий Павлюктай кылганы жатасыңарбы деп. 7 этаждан ыргытып дедим да ачык элечи. 

Садыр Жапаров: - Ии. 

Э.Ө.: - Десем каткырып жиберишти. Анан айттым, өлтүрсөңөр шылдың кылбай бетке атып эле өлтүргүлө деп. Чынында бала-чаканы, ата-энени ойлоп ыйладым. Баарын ошол жерден каргап-шиледим. Баарыңар тең, мен октон алдагы октон эмес Кудайдан корком, мен алардан бир да жамандык көргөн жокмун дедим.  

С.Ж.: - Түшүндүм. 

 

Уландысы бар. Аудиожазуунун толук версиясын бул жактан уксаңыз болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан