Курсан Асанов: "Чечимге бийликтин кийлигишпегени билинди"

Бүгүн, 9-сентябрда Бишкектин административдик сотунда "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын БШКнын чечимине каршы доо арызы каралды. Сот партиянын доо арызын канааттандырды. Сот имаратынын алдында турган талапкер Курсан Асанов дагы келип, чогулгандарды жеңиши менен куттуктады. "Туугандар, биз тушалган жокпуз, биз 3 күн ичинде болот кандай курчуган болсо ошондой курчудук. Азыркы учурдан баштап биздин агитаторлор ар бир кыргызстандыктын үйүндө болот. Мен чындык үчүн айтып коёюн бүгүнкү судья Анар Эгембердиева дагы чыныгы Кызсайкал экен. Себеби чечимге бийликтин кийлигишпегени билинди. Чындык ушундай болду. ИИМдин кызматкерлерине ыраазычылык билдирем. Жеңиш бизде болот", - деди Асанов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
rysik79
2020-09-09 20:38:20
Сүйүнгөнгө эрте.
0
anash
2020-09-09 20:47:38
Элдин генералы алга Бутун Кыргызстан
+7
nazira...
2020-09-09 21:27:58
Мен эч тушунбой жатам. Асанов соттолуп атпады беле, депутат болобу эми.
0
Jelezo
2020-09-09 22:14:49
nazira...,соттоло элек
+4
Asel69
2020-09-09 22:59:21
Элдин баары баардык партияга каршы беришет.
0
azizaziz
2020-09-10 00:06:16
Бүтүн Кыргызстанды эл көтөрүлүп кетпеш үчүн эле чечим чыгарып берди, али алдыда дагы жакшы жомоктор күтөт. Бардык шайлоо участокторунан 50% добуш алып 1 участоктон 10% алды деп максимум 10 депутат болушу мүмкүн, ал дагы күмөн.
+1
Agayu
2020-09-10 00:41:02
Элдик Генерал дегенге түшүнбөйм , Сыймыкты айтса болот , себеби бүт баарын бетине айтат , сөздү бурмалап олтурбай , Курсан Асанов курч сүйлөмүш болот экен бирок так сүйлөбөйт экен
+1
nazira...
2020-09-10 08:16:07
Agayu,ошо да неге элдик генерал? Ош окуясында мындан башка толтура адамдар иштешкен. Бул неге тушунбойм, наборот озбектердин акчасын алып ошого депутат болду дешет го. Кечээки Атамбаевдеги кылганычы дапдаана коз коруно эле кылганын. Но билбейм, бизге тынчылык эле болсо болду.
+1
Mital.89
2020-09-10 11:32:09
Кооп ...... жебечи Асанов. Сен вопше ак уй жака жакындабай эле койчу. Ак цйдун сыртын эле дворду карап журобер лучше.
+1
TIMON_BERKOWITZ
2020-09-10 14:33:53
Мен эч кайсы тарапка тартпаймын. Шайлоого да барбаймын))). Баары бир жегичтер келишет. Бирок!
Асановго жакпаган чечим чыкса бийлик кийгилишти, жаккан чечим чыкса кийгилишпеди дегени уят го)))
+1
-BOSS-
2020-09-10 15:29:08
Популистттттер чогулуп алган турбайбы, булар шайлоого өтсө заман оңолот дейсиңер, булар убагында бийликте жүрүшкөн, колдорунан бок келген эмес.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан