Барселона” клубу YouTube каналында 10 миллион катталуучусу бар дүйнөдөгү биринчи клуб аталды

Испаниянын “Барселона” футболдук клубу расмий YouTube каналында 10 миллион катталуучу топтогон дүйнөдөгү биринчи спорттук клуб болуп калды. Бул тууралуу клубдун расмий сайтына таянып, дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, бул тарыхый жетишкендиктин урматына портал Испаниянын командасына атайын “бриллиант баскычты” тапшырат.

Улуттук баскетбол ассоциациясында жазылуучулардын саны боюнча Барсадан ашып түшкөн жалгыз YouTube спорттук каналы бар, анда 14 миллион 700 миң колдонуучу катталган. "Барселона" клубундагы видеолор ушул убакка чейин 65 миллион саат көрүлдү.

"Барселона" тарыхый натыйжага жетишип гана тим болбостон, аларга атаандашкандардан да алдыга суурулуп кетти. Популярдуулук боюнча экинчи орунда мадриддик “Реал” турат, анын каналына 5 миллион 920 миң адам жазылган.

Белгилей кетсек, 10 жыл мурун "Барселонанын" видео тармагына жазылуучулардын саны 100 миңден аз болчу.

Төмөндө Ютубда эң көп жазылуучусу бар клубдардын тизмеси:

"Барселона" — 10 миллион;
"Реал Мадрид" — 5 миллион 920;
"Фламенго" — 5 миллион 555 миң;
"Ливерпуль" — 4 миллион 980 миң;
"ПСЖ" — 2 миллион 560 миң;
"Челси" — 2 миллион 100 миң;
"Арсенал" — 1 миллион 960 миң.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
nemo2016
2020-09-10 13:36:56
Барселона
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан