“Евросоюз Кыргызстанга ишенди”,- деди президент Алмазбек Атамбаев Бельгияга болгон иш сапарынын жыйынтыктарын айтып жатып. “Европарламенттин төрагасы Кыргызстан Евросоюз үчүн Борбордук Азиядагы стратегиялык өнөктөшү экендигин айтты. Ошондой эле президенттик жана парламенттик шайлоону өткөрүү үчүн атайын эксперттер тобу Кыргызстанга жиберилерин билдирди”,- деди өлкө башчы. Ошондой эле президент Еврокомиссиянын төрагасы Евросоюз тарабынан Кыргызстанды колдоо күчөтүлөрүн билдиргенин айтты. “Башкача айтканда, Евросоюз Кыргызстанга ишенди, бул биздин кичинекей өлкө үчүн жеңиш”,- деди Атамбаев.