Президент Алмазбек Атамбаев Бельгияга болгон иш сапарын жыйынтыктап жатып журналисттерге жакынкы убактарда Кыргызстан Борбордук Азиядагы эң алдынкы өлкөлөрдөн болоруна ишенерин билдирди. Айтымында, Кыргызстан өз кызыкчылыктарын коргоп, бардык өлкөлөр менен достук мамиледе болушу зарыл. “Айрым маселелерде бизге Кытай жардам берсе, кээ биринде Орусия жардам берет. Коопсуздук маселеси боюнча коңшу өлкөлөр менен биргелешип иш алып барбасак бизге ким жардам берет? Ал эми Евросоюз бизге парламентаризмди орнотууга жана шайлоолорду таза өткөрүүгө жардам берет. Европада соттук систем абдан өнүккөн, ошондуктан соттук системди реформалоо үчүн грант алабыз”,- деди өлкө башчы.