Бүгүн, 11-сентябрда Кант шаарындагы стадиондордо Кыргыз Премьер-Лигасынын (КПЛ) 9-турдук оюндары болот. Коронавирус пандемиясынан улам оюндар көрүүчүлөрсүз өтөт.
Оюндардын тизмеси: "Алай (Ош) - "Алга" (Бишкек), "Борбордук" стадиону (Кант шаары);
Башкы калыс: Нурзат Аскат уулу;
"Каганат" (Ош) - "Нефтчи" (Кочкор-Ата), "Нитро Арена" стадиону (Кант шаары);
Башкы калыс: Рысбек Шекербеков;
Оюндар саат 11:00дө башталат.
"Илбирс" (Бишкек) - "Дордой" (Бишкек), "Нитро Арена" стадиону;
Башкы калыс: Тимур Токтобаев;
"Кара-Балта" (Кара-Балта) - "Абдыш-Ата" (Кант);
Башкы калыс: Урмат Баялиев;
Оюндар саат 16:30да башталат.
Кыргыз Премьер-Лигасынын турнирдик жадыбалы менен шилтеме аркылуу өтүп, таанышсаңыз болот.