АФК (Азия футбол конфедерациясы) Кубогунун тайпалык баскычындагы бишкектик "Дордой" футболдук клубу менен болгон оюндар токтотулду. Мындай чечимди АФКнын аткаруу комитети кечээ, 10-сентябрда өткөн отурумда кабыл алды.
"Пандемия кыйынчылыктарды жаратты жана тилекке каршы 2020-жылдагы мелдештин жокко чыгарылышына алып келди”, - деп айтылат билдирүүдө.
АФК Кубогунда өлкө чемпиону болгон "Дордой" футболдук клубу түркмөнстандык "Алтын-Асыр" жана тажикстандык "Истиклол", "Худжанд" командалары менен бир тайпада жайгашкан.