Парламенттик шайлоого ат салышып жаткан саясий партиялардын тизмесинен шоу-бизнес, маданият өкүлдөрүнүн ысымын кезиктирдиңизби? SUPER.KG порталы депутаттыкка талапкерлигин койгон белгилүүлөрдү топтоду.
Кыргыз Эл артисти Курмангазы Азыкбаев.
Кыргыз Эл артисти, Нарын облустук академиялык музыкалык драма театрынын мурдагы директору Темирлан Сманбеков.
Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, "Биз" тобунун жетекчиси Бактияр Токторов.
Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Бек Борбиев (Борбиев Берадар Сманович).
Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, алып баруучу Галина Кетова.
Кино жана театр актёру Акылбек Мураталиев. Ал "Белгисиз маршрут", "Курманжан Датка" жана башка тасмаларда роль жараткан.
Алып баруучу, актёр Эркин Нурбаев.
Алып баруучу Нурзат Токтосунова. Ал көңүл ачуучу "Хит парад", "Браво" телеберүүлөрү менен коомчулукка белгилүү болгон. 2013-жылы ага "Супер-Инфо" гезитинин тандоосу менен "Заманыбыздын супер алпаруучусу" наамы ыйгарылган.
"Ай, эжеке" ыры менен таанылган эстрада ырчысы Иса Өмүркулов.