ЖКнын депутаты Данияр Тербишалиев парламенттин 19-сентябрдагы жыйынында УКМК кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттерин айтып чыкты. “Маалыматтарга караганда, мен борбордогу “Аккула” ат майданын тартып алганы жатыптырмын. Ал жерге бара элегиме 20 жыл болду. Иштин чоо-жайын сураганы ат майдандын жетекчисин чакырсам, ал мага байланыштуу эч кандай маселе жок экенин айтты. Аларга УКМКдан балдар барып, кыйнап менин үстүмөн арыз жаздырып алыптыр. Ал балдардын биринин аты Айбек экен”,- деди эл өкүлү. Тербишалиев бул маселе боюнча Башкы прокуратурага кайрылганын билдирди. “УКМК кимдин саясий буйругун аткарууда? Кайра мурунку бийликтегидей саясий куугунтук башталдыбы? Ушул маселени көзөмөлдөп аягына чыгалы. Депутатка ушундай мамиле болсо, УКМК тарабынан жөнөкөй жарандарга кандай мамиле болуп жатат?”- деди Тербишалиев.