Кытайдын Гуандун провинциясындагы Чжухай шаарындагы мейманкананын жанында катуу жарылуу катталды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.
Жазылган маалыматка ылайык, окуя 11-сентябрда жергиликтүү убакыт боюнча саат 4:00дө Чжухайдын Доумэнь районунда болгон. Жарылуудан 3 адам жаракат алган. Алар ооруканага жеткирилип, учурда издөө жана жарылуунун себептерин тактоо иштери улантылып жатат.
Мындан сырткары жарылуу болгон жерге жакын жайгашкан турак үй, соода дүкөндөрү жабыркаган.