Өзбекстандын Билим берүү министрлиги быйылкы жаңы окуу жылы 14-сентябрда башталарын, өлкөнүн бардык аймактарында мектептерде салттуу окутуу уланышы ыктымалдыгын билдирди. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, окуучуларды салттуу түрдө окутуу үчүн мектептин даярдыгы тууралуу жергиликтүү кеңештин чечими керек. Мындан тышкары мектептеги абал санитардык-гигиеналык талаптарга жооп берип, Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун корутундусу болууга тийиш.
"Мектептерде атайын даярдыктан өткөн "Фильтр – COVID-19" деп аталган топтор жана жок дегенде эки атайын медициналык бөлмө болушу керек. Фильтр тобуна медайым, санитар, милиционер жана Улуттук гвардиянын офицери кирет",- деп айтылат маалыматта.
Расмий маалыматтарга караганда, 10-сентябрга карата Өзбекстанда коронавирус оорусуна 45 миң 473 адам чалдыккан. Илдеттен 370 адам көз жумду. Ал эми 42 миң 509 адам вирустан айыгып чыккан.