"Бир соккудан кийин дароо ооруканага". UFC уюмунда жаңы соккусу кубаттуу мушкер пайда болду

12-сентябрдан 13-сентябрга караган түнү АКШнын Лас-Вегас шаарында "UFC Fight Night 177" турнири өтөт. Бул турнирдин негизги беттеши катары германиялык мушкер Оттман Азайтар менен Хама Вортинин беттеши болот.

Оттман Азайтар UFC уюмунда экинчи жолу гана беттеш өткөрүп жаткандыгына карабастан анын беттеши турнирдеги негизги беттеш аталган. Ал өзүнүн карьерасында жалпы 12 беттеш өткөрүп баарында жеңишке жетишкен.

Немис мушкери UFC уюмунда алгачкы беттешин 2019-жылы 7-сентябрда өткөргөн. Анда ал атаандашы Теэму Паккаленди нокаутка учуратып жеңүүчү аталган. Дебюттук беттешинде эле атаандашын укмуштуудай кубаттуу соккусу менен жеңген мушкер көпчүлүктү таң калтырган. Бул нокауту үчүн ал кошумча 50 миң доллар каражат бонус катары алган.

Көпчүлүк интернет колдонуучулары UFC уюмунда жаңы кубаттуу соккусу бар мушкер пайда болгондугун жана ал эртеңки беттешин дагы нокаут менен жеңээрин жазышууда.

30 жаштагы Оттман Азайтар белгилүү орусиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов менен бир салмак категорияда.

Азайтар - Паккален беттеши.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
zevs
2020-09-11 18:56:19
Karakuwka urup koyuptur chydabas
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан