Ош. Шаардагы ишканалардын электр энергиясына болгон карызы 110 миллион сом

Ош шаарындагы ишканалардын электр энергиясына болгон карызы 110 миллион сомго жетти. Ал эми карапайым калктын карызы 18 миллион сом. "Ош электрдин" кызматкерлери Ак-Тилек кичи районундагы үйлөргө жаңы үлгүдөгү электр эсептегичтерди орнотушууда. Мындай эсептегичтер аркылуу кардардын колдонгон электр энергиясы жана уурдалган электр энергиясы бирдиктүү базадан көрүнүп турат. Жаңы эсептегичтер жакшы жыйынтык берип, электр энергиясына болгон жоготууларды кыскартууга шарт түзсө, октябрь айынан тарта бул иштер улантылат.

Белгилей кетчү маселе, Ош шаарынын аймагында жылдан-жылга электр энергиясына болгон жоготуулар кыскарганы менен, кардарлардын карыздарын чогултуу кыйын болуп жатканын аталган мекемеден кабарлашты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан