Назира Айтбекованын китеби жарыкка чыкты. "Анда менин жашоом, таенем, балам, аялдарга анализ, эркектерге карата сындар баяндалат" дейт ал

Алып баруучу, блогер Назира Айтбекованын "#жөнэлеойлор" аталышындагы өмүр баянын камтыган китеп басылып чыкты. Автордун айтымында, китеп 500 нускада чыкты.

"Бала кезимде өмүр баяным тууралуу китеп чыгарсам деген кыялым бар болчу. Ошол кыялым ушул күнү ишке ашты. Китепте менин жашоом, таенем, балам, жолдошум менен ажырашкандан кийин баламдын абалы тууралуу баяндалат. Аялдарга анализ, эркектерге карата сындар дагы камтылган.

Тээ окуучу, студент кезде ыр түрүндө төгүлүп келет эле. Турмуш курганда жоголуп кетти. 2017-жылы жолдошум менен ажырашкандан кийин кайрадан жалгыздыгымды кооздоп, кара сөз түрүндө келди. Жан дүйнөдөгү жараларымды сүрөттөп, жалгыздыгымды жазып, силер менен сыр түйүнүн чече берип бир китеп даяр болуптур. Мени тыңшап, ыйласам кошо ыйлап, күлсөм кошо күлүп, жазганымды окуп жаныма жар болгонуңар үчүн рахмат. Менин дагы бир талантымды ойготтуңуздар. Ой-толгоомду баалап, жакшы сөз айткан сайын жазгым келди. Дем, күч-кубат, шыкак алдым. "Китеп жаз! Алгачкы окурманың мен болом!" деген сайын коркпой кадам таштадым", - дейт ал.

Назира айым китеп басып чыгарууну ушул жылдын январь айында колго алганын кошумчалады.

"Негизи китепти 8-Мартта жарыкка чыгарууну пландагам. Тилекке каршы, ал убакта чыгарууга үлгүрбөй калдым, андан кийин карантин, каникул болуп кетти", - деди Айтбекова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
sultan_bek
2020-09-11 15:00:46
Азаматсын Назира. Сендей эркин ой жугурткон, бироонун оюна коз каранды эмес, билимдуу, оз оюн эркин айткан айымдар коп болсун. Сыйлайм ушул айымды. Анан албетте ушундай келбеттуу, сулуу болуп журо бер.
-1
Agayu
2020-09-11 15:06:37
Албетте өз кыялыңдагы ийгилигиңди багындырыпсың Азаматсың.Сени түшүнгөн да эл , түшүнбөгөн да эл , ошондуктан эл менен бирге бол !!! Бир Бол менен эмес .
-1
Mister-X
2020-09-11 19:32:19
Эркектерге асылып,жарым жыланач журбо,калганын кыла бер.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан