Мурдагы өлкө башчысы Алмазбек Атамбаевдин жан сакчысы, УКМКнын 9-кызматынын мурдагы кызматкери Канат Сагымбаев билдирүү жасады. Билдирүүнү Кундуз Жолдубаева социалдык тармактагы баракчасына жарыялаган.
Билдирүүдө Сагымбаев Кой-Таш окуясы боюнча ишти карап жаткан сотко нааразычылыгын билдирген.
"Судья Марат Сыдыков мени күбөлөргө суроо берүү укугумдан ажыратты. Мен суроо берип жаткан жерден "Альфа" кызматкерин менин берген суроомо жооп бердиртпестен сот залынан чыгарып жиберди. Муну менен судья бир тараптуу бийликтин тапшырмасын аткарып жатканын далилдеди.
Судья "сот залынан чыгарып салам" деп мага себеби жок байма-бай эскертүүлөрдү берүүдө. Бул аракетин УКМК тарабынан берилген атайын буйрук деп түшүнөм. Себеби, атайын кызматтын өзгөчөлүктөрүн жана эрежелерин айыпталуучулардын арасынан жалгыз мен гана жакшы билем. Мен тараптан берилген суроолор бийликтин чыныгы жүзүн ачууга жана мыйзамсыз иштерин ашкерелөөгө жардам бермек", - деп жазылган билдирүүдө.
Бул боюнча Кундуз Жолдубаевага байланышканыбызда маалыматты тастыктап, төмөндөгүлөргө токтолду:
"Канат Сагымбаев бул билдирүүнү бүгүн, 11-сентябрда Кой-Таш окуясы боюнча отурумдан кийин жазган. Эмнегедир сот бул иште айыпталуучу тараптын суроо берүү мүмкүнчүлүгүн чектеп жаткандай. Буга карата ал бир гана убактымды алып жатасыңар деп жооп берүүдө"
, - дейт Жолдубаева.
Канат Сагымбаевдин билдирүүсү боюнча Жогорку Сотко кайрылганыбызда, мекеменин маалымат кызматы төмөндөгүдөй жооп берди:
"Белгилүү болгондой, Кой-Таш окуясы боюнча процесс жабык өтүп жатат. Андыктан отурумда болгон учурлар боюнча комментарий берүү азырынча мүмкүн эмес. Ал эми бүгүн, 11-сентябрга белгиленген Кой-Таш окуясы боюнча отурум соңуна чыга элек. Ал бүткөндө райондук соттун басма сөз кызматы маалымат таратат" , - дешти Жогорку Соттон.