Куудул Назира Жетигенова турмушка чыгууга ниеттенип жатат. Назира айым менен байланышканыбызда, ал кыскача буларга токтолду.
"Негизи турмуш куруу тууралуу ниетим бар. Бирок кимге, ал канча жашта, эмне менен алектенери сыр бойдон калсын. Эң башкысы - Кыргыз жараны. Ал эми баш кошуу кайсы күнү болот белгисиз. Балким, кийинки жылы болоттур", - дейт ал.
Назира Жетигенова 1974-жылы 24-апрелде Талас шаарында төрөлгөн. Анын Айпери, Азиза аттуу кыздары жана неберелери бар.