Депутат Мирлан Бакиров бүгүн, 19-сентябрда ЖКнын жыйынында “ата журтчу” депутаттар Садыр Жапаровго, Камчыбек Ташиевге, Талант Мамытовго карата актоо өкүмүн чыгарган соттор кысымга алынып жаткандыгын билдирди. Айтымында, Бишкек шаардык сотунун судьялары Курманкул Зулушев менен Медербек Сатиев депутаттарга кайрылып, коопсуздуктары үчүн тынчсызданып жатышканын айтышкан. “Бул маселени тармактык комитеттерде карап, тиешелүү баа бериш керек. Акыркы чечимди соттор чыгарат дейбиз, аларга болгон мамилени ким көзөмөлдөйт?”- деди депутат.