Мамытбай Салымбеков: “Токой чарбасында иштегендердин эмгек акысы 1500-2500 сом экен”

“Токой чарбасында иштеген адамдардын эмгек акысы 1500-2500 сом экен,- деди бүгүн, 19-сентябрда ЖКнын жыйынында депутат Мамытбай Салымбеков. Айтымында, бул тармакта иштегендердин балдарына жөлөк пул берилбейт экен. “Себеби айрымдарынын үй-бүлөсүндө пенсия алгандар бар. Аны киши башына бөлгөндө 200 сомдон ашат экен. Аталарыбыз, апаларыбыз неберелерин багалы деп пенсия албайт да. Балдар кийимдери, окуу куралдары жок болуп, мектепке бара албай жатышыптыр. Эмнеге балдарга жөлөк пул бербейбиз? Пенсия менен балдарды баккан кантип болбосун? Же айлык акылары жарытарлык болбосо. Бул эмне деген маселе? Өкмөттүн чыгарган токтомун жокко чыгаруу керек дагы, мурунтан бери бериле турган болгон жөлөк пулдарын кайрадан берүү керек,- деди эл өкүлү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан