Жогорку Кеңешинин бүгүнкү, 19-сентябрдагы жыйынына Бишкек шаарындагы Советтер Союзунун Баатыры Калыйнур Үсөнбеков атындагы Аскер институтунун курсанттары катышып, кыргыз парламентинин иши менен таанышууда. Төрага Асылбек Жээнбеков жалпы депутаттардын атынан мекен сакчыларынын окуусунда ийгиликтерди каалоо менен, мекенчил жаштардан болуп жетилүүсүнө тилектеш экенин билдирди. Айта кетсек, жаштарды ЖКга экскурсияга алып келүү, депутаттардын иши менен тааныштыруу демилгесин депутат Дастан Бекешев көтөрүп чыккан.