"Патрулдук милицияны түзүү боюнча долбоорду ишке ашырдык" деп президент Сооронбай Жээнбеков "Биринчи радиого" маек берип жатып билдирди.
"Коопсуз шаар" долбоору жана патрулдук милиция ишке киргенден кийин кылмыштуулук, айрыкча, жол-транспорттук кырсыктары кескин азайды. Жол кырсыктарынын кесепетинен каза болгондордун саны кээ бир жерлерде 100 пайызга чейин азайды. Кээ бир жерлерде жол кырсыктары 50 пайызга чейин азайып жатат. Бул жакшы көрсөткүч. Патрулдук милиция түзүлгөндөн тартып кылмыштуулуктун бетин ачуу жогорулады. Бул долбоор өзүнүн натыйжасын көрсөтө баштады. "Менин милициям — мени коргойт" принцибин кайтарабыз. Кайтарып жатабыз. Бул Бишкекте ийгиликтүү болду, эми Ошто башталып жатат, андан кийин башка шаарларда да ишке ашырабыз", - дейт мамлекет башчы.