Эксперттик жумушчу топ жогорку окуу жайлардын программаларын жаңы мыйзамдардын талаптарына ылайык келишине мониторинг жүргүзүүдө

Президенттин жарлыгы менен түзүлгөн сот-укуктук реформага мониторинг жүргүзүү боюнча эксперттик жумушчу топ азыркы учурда "юриспруденция" багыты боюнча мамлекеттик билим берүү стандарттарынын, окуу программалары менен жүгүртмөлөрүнүн жаңы жазык жана кылмыш-процесстик мыйзамдардын талаптарына ылайык келишине мониторинг жүргүзүүдө. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Жаңы юристтер өлкөнүн укуктук системине киргизилген жаңы институттарды жакшы билиши жана түшүнүшү керек, ал эми юридикалык билим берүү системасы сот-укуктук системаны реформалоонун жалпы процессине интеграцияланышы керек. Тилекке каршы, иш жүзүндө жаңы билим берүү стандарттарын өз маалында кабылдабаган, билим берүү системасынан артта калган учурлар бар. Турмушта пайдалануудан чыккан эски программалар жана эски кодекстер менен окуткан учурлар да бар.

Мындай маселелерди чечүү максатында окуу курстарынын жаңы кодекстерге шайкеш келүүсүн иликтөө үчүн эксперттик жумушчу топтун, илимий коомчулуктун, президенттик аппараттын, Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлдөрүнөн турган жумушчу топ түзүлгөн.

Жумушчу топ 7-11-сентябрь күндөрүндө жогорку окуу жайлардын ректорлору менен жолугушуу өткөрүп, "юриспруденция" адистиги боюнча кадрларды даярдаган Бишкектин беш жогорку окуу жайына - ИИМ академиясына, Кыргыз эл аралык университетине, Кыргыз мамлекеттик юридикалык университетине, Б.Ельцин атындагы КРСУга жана Ж.Баласагын атындагы КУУга мониторинг жүргүздү", - деп жазылат маалыматта.

Мониторингдин жыйынтыгында жумушчу топ тарабынан чечим кабыл алуучу жактарга баяндама даярдалат, сот-укуктук реформаны ишке ашырууга жогорку юридикалык билим берүүдөгү даярдыктарга жыйынтык чыгарылат, ошондой эле ЖОЖдордун юридикалык факультеттеринде билим берүүнүн мазмунун жакшыртуу боюнча тиешелүү сунуштамалар берилет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан