"Жөө күлүк" тасмасы Казань шаарында өткөн эл аралык фестивалда байгеге ээ болду

Мирлан Абдыкалыков режиссёрлук кылган "Жөө күлүк" тасмасы Казань шаарында өткөн эл аралык фестивалда байгеге ээ болду. Бул тууралуу Кыргызфильмден маалымдашты.

Анда тасма "Орусия - ислам дүйнөсү" сынактык программасында көрсөтүлүп, байгеге ээ болгону кабарланат.

Мирлан Абдыкалыковдун аталган тасмасы буга чейин бир нече эл аралык кинофестивалга катышып келген. Ошондой эле тасма Пусан эл аралык кинофестивалдын баш байгесине ээ болгон.

"Жөө күлүк" тасмасы 12 жаштагы өспүрүмдүн жашоосунан алынган окуя. Өспүрүм бул жашоонун көптөгөн кыйынчылыктарына жолукканына карабастан өзүнүн жүрөгүндө адамгерчиликти жана боорукерликти сактап калган. Жекшен бул дүйнөнү жакшы жакка өзгөртүү мүмкүн экенине дагы да болсо ишенет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан