10-сентябрда Баткенден 51 медицина кызматкери Ысык-Көлгө эс алууга жөнөп кетишкен. Ак халатчандар эс алуучу жайдагы шарттарга нааразы экенин Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынын мурдагы кеңешчиси Елена Баялинова жазып чыкты.
Анын айтымында, бир күн мурда эс алууга кеткен дарыгерлерден телефон чалуу болгон.
"Медицина кызматкерлери эс алуучу жайдагы шарттар жийиркеничтүү экенин, аны атайын уюштурулган маданий эс алуу жайы деп айтуу кыйын, тамак-ашы начар, азык-түлүк сатып ала турган жай да жок экенин айтышты. Эс алууну уюштурган чиновниктер баткендиктерге ушундай болот дешкен окшойт!
Дарыгерлер эс алуучу жайдын шарттарын видеого тартып жөнөтүүнү убада кылышкан, бирок, менин оюмча, алар батына алышпайт, анткени алар жазаланып, иштен айдалышат же "эң жакшы" учурда элден кечирим суроого аргасыз болушу мүмкүн. Бирок баткендиктер биздин берметибизге сейрек барышат. Баатыр дарыгерлерибизге татыктуу эс алууну адамгерчилик жана урмат менен уюштуруу мүмкүн эмеспи?!" - деген ал билдирүүсүндө.
Саламаттыкты сактоо министрлигинен бул боюнча тактоо иштери жүрүп жатканын, расмий маалымат берилерин кабарлашты.