Бишкек шаарынын улгайган адамдарынын активдүү карылар тобу коронавирустун алдын алуу, сактануу, реабилитация тууралуу маалымат алышты. Иш-чара Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борбору тарабынан колдоого алынды. Кичи жыйынга калаанын ондон ашык карысы катышты.
"Карылардын ден соолугу үчүн атайын даярдалган маалымат баракчалары, видео роликтер борбор тарабынан жасалып келет. Таажы вирусун алдын алууда негизги эреже бет кап тагынуу, колду таза жуу, аралыкты сактоо. Ошондой эле толук кандуу туура тамактануу, сейилдөө, физикалык активдүүлүк. Ушул нерселерди сактоо абдан маанилүү", - деди жолугушууда Республикалык ден соолукту чыӊдоо жана массалык коммуникация борборунун директорунун орун басары Нуржамал Шейшеева.
Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар жеӊил көнүгүүлөрдү да жасашты. Кээ бир катышуучулар мындай жолугушуулар коом менен байланышууга жакшы шарт түзүп, психоэмоционалдык жактан колдоо көрсөтөрүн баса белгилешти.