24-октябрда Абу-Даби шаарында өтө турган UFC 254 турниринин алкагындагы орусиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов менен америкалык мушкер Жастин Гэйтжинин беттеши көрүүчүлөрсүз өтөт. Бул тууралуу Хабиб Нурмагомедов өзү онлайн жыйын учурунда айткан.
"Турнир жабык болуп, көрүүчүлөр киргизилбейт. Ошондуктан менин жакындарым аренанын сыртынан жана мейманкананын алдынан күтүшөт", - деген Нурмагомедов.
31 жаштагы орусиялык мушкер учурда Дубай шаарында алдыда боло турган беттешке даярданып жатат.