Модель жана актёр катары таанымал болгон Эрнис Айдаралиев менен жубайы Аделина калың элден бата алышып, үлпөт той өткөрүштү. Түгөйлөрдүн заманбап тою кечээ, 14-сентябрда борбор калаадагы ресторандардын биринде орун алды.
Жакшылыкка күбө болгон шоу-бизнес өкүлдөрү тойдогу сүрөттөр менен бөлүшүп, эки жашка "түбөлүккө бактылуу болгула" деген каалоо-тилектерин айтышты.
Эрнис Айдаралиев 1997-жылы Орусиянын Алтай аймагында төрөлгөн.