Кенжебек Бокоев: "Уран калдыктары боюнча маселени караган бир мамлекеттик орган болуш керек"

Депутат Кенжебек Бокоев ЖКнын бүгүнкү, 19-сентябрдагы жыйынында Кыргызстандагы уран кооптуу кырдаал жаратып жатканын билдирди. Айтымында, учурда өлкө боюнча 35 уулуу калдыктар бар, анын 29у уран калдыктарын сактоочу жайлар. “Маалыматка ылайык, өлкөнүн аймагында 145 миллион метр куб уран калдыктары бар, алар 650 гектар жерди ээлейт. Бул маселеге көӊүл буруп, уран калдыктары боюнча маселени караган бир мамлекеттик орган болуш керек. Табигый кырсыктар, сел жууп кеткенден кийин гана карабай, алдын ала иштерди жасасак, жакшы болмок”,- деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан