Европа футбол ассоциацияларынын бирлиги (УЕФА) Чемпиондор Лигасынын 2020/2021-жылдагы сезону үчүн расмий топту көрсөттү.
Топ кызыл, ак жана көк түстө болуп, дүйнөгө белгилүү "Adidas" компаниясынын эмблемасы менен чыгат. Топ Европанын негизги клубдук турниринин символу болгон жылдыздар менен капталган.
Бүгүн, 15-сентябрда Чемпиондор Лигасына тандоо турунун 3-турдук оюндары өтөт.
Чемпиондор Лигасынын учурдагы жеңүүчүсү германиялык "Бавария" клубу. Финалда "Бавария" Франциянын "ПСЖ" командасын 1:0 эсебинде утуп, өздөрүнүн тарыхында алтынчы жолу бул турнирди жеңип алды.