Орусиянын борбору Москва шаарында өткөн "Чемпиондордун салгылашуусу 14" аттуу эл аралык турнирде кыргыз мушкери Элдияр Тообаев атаандашын 13 секундда нокаутка учуратты.
Элдияр Тообаевдин каршылашы тажикстандык Ифандиёр Холов болгон. Эки мушкер 70 килограмм салмак ченинде катышкан.
Кыргыз мушкери тажикстандык каршылашын нокаутка учуратыш үчүн 1 эле соккусу жетиштүү болгон.